«КЕРЗОН ЛИНИЯСЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЕ́РЗОН ЛИНИЯСЫ» – Польшанын чыгыш чек арасы катары 1919-жылы декабрда Антантанын Жогорку Совети тарабынан сунуш кылынган линиянын шарттуу аталышы. Чек ара жөнүндө Бри­таниянын тышкы иштер министри Ж. Керзон Совет өкмөтүнө жиберген нотасында Кызыл Армиянын чабуулу белгиленген линияда (Грод­но – Яловк – Немиров – Брест-Литовск – Доро­гуск – Устилуг – Крылов – Грубешовдун чы­гыш ж-а Рава-Русскаянын батышынан, Пере­мышлдан Карпатка чейин) токтотулушун та­лап кылган. Совет өкмөтү ага макулдугун бил­дирген. Британиялык дипломат Ж. Керзондун ысмынан «Керзон линиясы» деп аталган. 1939-жылы сентябр­да Германия Польшаны басып алгандан ки­йин, Украина м-н Беларуссиянын батыш бөлүк­төрү СССРге кошулуп, бул жер жөнүндөгү тарыхый чындык калыбына келтирилген. Совет өкмөтү 1944-жылы 11-январдагы билдирүүсүндө ж-а 1945- жылдагы Крым конференциясында согуштан кийин­ки советтик-польшалык чек ара «Керзон линиясы» боюнча өтсө, аны тааный тургандыгын билдирген. 1945-жылы 16-августта СССР м-н элдик демократиялык Польша­нын ортосунда келишимге кол коюлуп, ал боюнча советтик-польшалык чек ара биротоло аныкталган.