«КЕРЗОН ЛИНИЯСЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЕ́РЗОН ЛИНИЯСЫ» – Польшанын чыгыш чек арасы катары 1919-ж. декабрда Антантанын Жогорку Совети тарабынан сунуш кылынган линиянын шарттуу аталышы. Чек ара ж-дө Бри­таниянын тышкы иштер министри Ж. Керзон Совет өкмөтүнө жиберген нотасында Кызыл Армиянын чабуулу белгиленген линияда (Грод­но – Яловк – Немиров – Брест-Литовск – Доро­гуск – Устилуг – Крылов – Грубешовдун чы­гыш ж-а Рава-Русскаянын батышынан, Пере­мышлдан Карпатка чейин) токтотулушун та­лап кылган. Совет өкмөтү ага макулдугун бил­дирген. Британиялык дипломат Ж. Керзондун ысмынан «К. л.» деп аталган. 1939-ж. сентябр­да Германия Польшаны басып алгандан ки­йин, Украина м-н Беларуссиянын батыш бөлүк­төрү СССРге кошулуп, бул жер ж-дөгү тарыхый чындык калыбына келтирилген. Совет өкмөтү 1944-ж. 11-январдагы билдирүүсүндө ж-а 1945- жылдагы Крым конф-ясында согуштан кийин­ки сов.-польшалык чек ара «К. л.» б-ча өтсө, аны тааный тургандыгын билдирген. 1945-ж. 16-августта СССР м-н элдик демокр. Польша­нын ортосунда келишимге кол коюлуп, ал б-ча сов.-польшалык чек ара биротоло аныкталган.