КЕРЕГЕ-ТАШ
КЕРЕГЕ-ТАШ – Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нундагы кыштак. Кереге-Таш айыл округуна караштуу. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, деңиз деңг. 1780 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка кыш-нан 3 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 235 км. Калкы 2350 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, 2 китепкана, бала бакча, медпункт, мад-т үйү бар. Кыштакта академиктер Ж. Алышбаев ж-а М. Мамакеев туулган.