КЕРЕГЕ-ТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЕГЕ-ТАШ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Кереге-Таш айыл округуна караштуу. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1780 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Тепло­ключенка кыштагынан 3 км чыгыш тарапта. Ба­лыкчы темир жол бекетинен 235 км. Калкы 3005 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мек­теп, 2 китепкана, бала бакча, медпункт, маданият үйү бар. Кыштакта академиктер Ж. Алышбаев ж-а М. Мамакеев туулган.