КЕҢ ФОРМАТТУУ КИНО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ ФОРМАТТУУ КИНО́ – кинематография­нын эни 50–70 мм кинотасманы колдонуучу түрү.
К. ф. к-нун кең экрандуу кинодон айырмасы ар бир кинокадрдын экрандагы өлчөмү ж-а аянты үч эсе чоңойтулуп көрсөтүлөт да, кинофильм эк­рандан так, даана көрүнөт. К. ф. к. үчүн кино тартуучу, үн жазуучу, кино көрсөтүүчү жаңы форматтагы атайын аппараттар бар.