КЕҢ ФОРМАТТУУ КИНО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ ФОРМАТТУУ КИНО́ – кинематография­нын эни 50–70 мм кино тасманы колдонуучу түрү. Кең форматтуу кинонун кең экрандуу кинодон айырмасы ар бир кино кадрдын экрандагы өлчөмү жана аянты үч эсе чоңойтулуп көрсөтүлөт да, кино тасма эк­рандан так, даана көрүнөт. Кең форматтуу кино үчүн кино тартуучу, үн жазуучу, кино көрсөтүүчү жаңы форматтагы атайын аппараттар бар.