КЕҢ ФОРМАТТУУ КИНО
КЕҢ ФОРМАТТУУ КИНО́ – кинематографиянын эни 50–70 мм кинотасманы колдонуучу түрү.
К. ф. к-нун кең экрандуу кинодон айырмасы ар бир кинокадрдын экрандагы өлчөмү ж-а аянты
үч эсе чоңойтулуп көрсөтүлөт да, кинофильм экрандан так, даана көрүнөт. К. ф. к. үчүн кино тартуучу, үн жазуучу, кино көрсөтүүчү жаңы форматтагы атайын аппараттар бар.