КЕҢДИК БАРИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢДИК БАРИ́Т КЕНИ Нарын обл-нун Жум­гал р-нунда, Чаек кыш-нан 65 км түш.-батыш­та, деңиз деңг. 2500 м бийикте. 1958-ж. изилде­нип, бааланган. Алгачкы таш көмүр мезгилин­де пайда болгон чөкмө катмардын ичинде ка­лыңдыгы 0,8–1,2 м, уз. 20–84 м болгон барит­тин үч тарамы кездешет. Барит өзүнүн хим. сапа­ты б-ча А классына тийиштүү ж-а литопон кү­күмүн алууга жарамдуу. Эсептелген запасы С1 ка­тегориясы б-ча 492 т, С – 3463 т, С +С – 3955 т.

2 1 2