КЕҢДИК БАРИТ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕҢДИК БАРИ́Т КЕНИ Нарын облусунун Жумгал районунда, Чаек кыштагынан 65 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 2500 м бийикте. 1958-жылы изилденип, бааланган. Алгачкы таш көмүр мезгилинде пайда болгон чөкмө катмардын ичинде калыңдыгы 0,8–1,2 м, узундугу 20–84 м болгон бариттин үч тарамы кездешет. Барит өзүнүн химиялык сапаты боюнча А классына тийиштүү ж-а литопон күкүмүн алууга жарамдуу. Эсептелген запасы С1 категориясы боюнча 492 т, С – 3463 т, С +С – 3955 т.