КЕҢ-АРАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-АРАЛ – Талас обл-нун Бакай-Ата р-нун­дагы кыштак. Кең-Арал айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 1625 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай-Ата кыш-нан 32 км чыгыш тарапта. Жамбыл (Казакстан) т. ж. бе­кетинен 110 км. Кыштак 1928-ж негизделген. Калкы 2940 (2008); негизинен дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, ФАП, клуб бар. Соода түйүндөрү, 2 те­гирмен, пилорама иштейт.