КЕҢ-АРАЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕҢ-АРАЛ – Талас облусунун Бакай-Ата районундагы кыштак. Кең-Арал айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1625 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай-Ата кыштагынан 32 км чыгыш тарапта. Жамбыл (Казакстан) темир жол бекетинен 110 км. Кыштак 1928-жылы негизделген. Калкы 3835 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, ФАП, клуб бар. Соода түйүндөрү, 2 тегирмен, пилорама иштейт.