КЕН ТҮРКҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН ТҮРКҮК , ш а х т а т ү р к ү г ү – жер бетине тик же жантайып чыгуучу жер астын­дагы тоо-кен казылмасы; жер астындагы тоо­кен иштерин тейлөө үчүн курулат. Чалгындоо­чу эксплуатациялык (башкы, жардамчы) ж-а атайын К. т. болот. Негизги К. т. шахтанын борб. аянтчасында жайгашып, жер бетине кен­ди, ал эми жардамчысы шахтёрлорду, бош тек­терди, материалдарды, тетиктерди ташуу үчүн колдонулат. Жардамчы К. т., о. эле шахтаны таза аба м-н камсыз кылуу үчүн да пайдаланы­лат (вентиляциялык).