КЕН ТҮРКҮК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕН ТҮРКҮК , ш а х т а т ү р к ү г ү – жер бетине тик же жантайып чыгуучу жер астындагы тоо-кен казылмасы; жер астындагы тоокен иштерин тейлөө үчүн курулат. Чалгындоочу эксплуатациялык (башкы, жардамчы) ж-а атайын кен түркүк болот. Негизги кен түркүк шахтанын борбордук аянтчасында жайгашып, жер бетине кенди, ал эми жардамчысы шахтёрлорду, бош тектерди, материалдарды, тетиктерди ташуу үчүн колдонулат. Жардамчы кен түркүк, ошондой эле шахтаны таза аба м-н камсыз кылуу үчүн да пайдаланылат (вентиляциялык).