КЕНТАШТУУ АЙМАК
КЕНТАШТУУ АЙМАК – ири тектон. түзүлүштөрдө (антиклинорий, синклинорий, ортоңку массив, калкан, синеклиза, терең жарака ж. б.) кездешүүчү, бир түрдүү генезистеги, бир же бир нече кенташ кендери орун алган аймак. Бир топ К. а. биригип, к е н т а ш т у у п р о в и нц и я н ы түзөт. Бүктөлүүлөр кездешкен жердеги тектон. терең жаракалар м-н байланышта болуп, узатасынан созулган кенташ к у р ч о ос у н а айланат. Курчоонун уз. миңдеген кмге, туурасы жүздөгөн кмге жетет. Эгерде аймак кабаттуу түзүлүшкө ээ болуп, өтө зор аянтты ээлеп жатса к е н т а ш б а с с е й н и деп аталат (мис., Кривой Рог темир кендүү бассейни). К. а. пайда болуу мезгилине, геол. түзүлүш өзгөчөлүгүнө, тектон. процесстерге байланыштуу кенташтуу райондорго, талааларга, зоналарга бөлүнөт. Бири-биринен геол. түзүлүш, геогр. чөйрөсү м-н айырмаланган, бирдей формацияда, физ.-хим. шартта пайда болгон, курамы бирдей кенташтан топтолгон аймак к е н т а ш т у у р ай о н делет. Ал эми бирдей геол. түзүлүштөгү, бир мезгилде пайда болгон, бири-бирине жакын жайгашкан кенташтардын чогундусу к е нт а ш т а л а а с ы н түзөт. Кенташ талаалары геол. түзүлүшүнө, генезисине жараша төмөнкү топторго бөлүнөт: магма кендери, скарн кендери, пегматит кендери, гидротермдүү кендер, метаморфизм кендери, стратиформдуу кендер. Курамында кенташ минералдары кездешкен тарамчалар, линзалар, уюктар ж. б. созулуп жаткан тоо тектер тилкеси к е н т а ш з о н а с ы деп аталат.