КЕНТАШТУУ АЙМАК
КЕНТАШТУУ АЙМАК – ири тектоникалык түзүлүштөрдө (антиклинорий, синклинорий, ортоңку массив, калкан, синеклиза, терең жарака ж. б.) кездешүүчү, бир түрдүү генезистеги, бир же бир нече кенташ кендери орун алган аймак. Бир топ кенташтуу аймак биригип, к е н т а ш т у у п р о в и нц и я н ы түзөт. Бүктөлүүлөр кездешкен жердеги тектоникалык терең жаракалар м-н байланышта болуп, узатасынан созулган кенташ к у р ч о о с у н а айланат. Курчоонун узундугу миңдеген кмге, туурасы жүздөгөн кмге жетет. Эгерде аймак кабаттуу түзүлүшкө ээ болуп, өтө зор аянтты ээлеп жатса к е н т а ш б а с с е й н и деп аталат (мисалы, Кривой Рог темир кендүү бассейни). Кенташтуу аймак пайда болуу мезгилине, геологиялык түзүлүш өзгөчөлүгүнө, тектоникалык процесстерге байланыштуу кенташтуу райондорго, талааларга, зоналарга бөлүнөт. Бири-биринен геологиялык түзүлүш, географиялык чөйрөсү м-н айырмаланган, бирдей формацияда, физика-химиялык шартта пайда болгон, курамы бирдей кенташтан топтолгон аймак к е н т а ш т у у р а й о н делет. Ал эми бирдей геологиялык түзүлүштөгү, бир мезгилде пайда болгон, бири-бирине жакын жайгашкан кенташтардын чогундусу к е н т а ш т а л а а с ы н түзөт. Кенташ талаалары геологиялык түзүлүшүнө, генезисине жараша төмөнкү топторго бөлүнөт: магма кендери, скарн кендери, пегматит кендери, гидротермдүү кендер, метаморфизм кендери, стратиформдуу кендер. Курамында кенташ минералдары кездешкен тарамчалар, линзалар, уюктар ж. б. созулуп жаткан тоо тектер тилкеси к е н т а ш з о н а с ы деп аталат.