КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ
КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ , х в о ст о х р а н и л и щ е – радиоактивдүү, уулуу ж. б. заттардын калдыктарын сактоого ылайыкталган жайлар комплекси. Ал ишканалардан (тоо-кен, кендерди байытуу, атом станция-

лары ж. б.) бир нече км аралыкта курулуп, ойдуңдарда ж. б. жерлерде жайгашат. Түрлөрү: түздүктү, карьердик (Кум-Төр), шахталык ж. б. К. к. с. ж-нда өтө уулуу заттар металл капсулаларында (челектерде), ал эми радиоактивдүүлөрү айнектелип же цементтелип, жер алдындагы жайларга көмүлөт. Мындай жайлар жер астындагы суулардан ж. б. чектелүү болуш керек. Эски К. к. с. ж-лары курчаган чөйрөгө экол. кооптуулукту жаратышы мүмкүн. Анткени андагы радиоактивдүү, уулуу ж. б. заттар чөйрөгө кандайдыр бир себептерден (табигый кырсык ж. б.) чыгышы мүмкүн. Айрым учурда К. к. с. ж-нын технол. таштандылары ири тоннаждуу сырьё да болот. Кырг-нда К. к. с. ж-лары Ак-Түз, Орловка, Майлы-Суу ж. б. жерлерде бар.