КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ
КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ , х в о с т о х р а н и л и щ е – радиоактивдүү, уулуу ж. б. заттардын калдыктарын сактоого ылайыкталган жайлар комплекси. Ал ишканалардан (тоо-кен, кендерди байытуу, атом станция-

лары ж. б.) бир нече км аралыкта курулуп, ойдуңдарда ж. б. жерлерде жайгашат. Түрлөрү: түздүктү, карьердик (Кум-Төр), шахталык ж. б. Кенташ калдыгын сактоо жайында өтө уулуу заттар металл капсулаларында (челектерде), ал эми радиоактивдүүлөрү айнектелип же цементтелип, жер алдындагы жайларга көмүлөт. Мындай жайлар жер астындагы суулардан ж. б. чектелүү болуш керек. Эски кенташ калдыгын сактоо жайлары курчаган чөйрөгө экологиялык кооптуулукту жаратышы мүмкүн. Анткени андагы радиоактивдүү, уулуу ж. б. заттар чөйрөгө кандайдыр бир себептерден (табигый кырсык ж. б.) чыгышы мүмкүн. Айрым учурда кенташ калдыгын сактоо жайынын технологиялык таштандылары ири тоннаждуу сырьё да болот. Кыргызстанда кенташ калдыгын сактоо жайылары Ак-Түз, Орловка, Майлы-Суу ж. б. жерлерде бар.