КЕНТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНТАШ , р у д а – курамында казып ж-а бөлүп алууга жарактуу металлдар же алардын бирик­мелери бар минералдардын табигый чогундусу.
Өз ичинен металл ж-а металл эмес К. болуп эки түргө бөлүнөт. Металл эмеске асбест, барий, күкүрт, графит, корунд ж. б. кирет. К-ты түзүүчү минералдардын орун алышына (текстура) жа­раша нык, катмарлуу, темгилдүү, тарамдашкан, ала-була, жол-жол, чачынды, чаар түрлөрдөн турат. Түзүлүшүнө карата бир өңчөй, текши эмес, бүртүктүү, оолит, порфир сыяктуу түрлөргө бөлү­нөт. Катуу, бек тектерде тулку, борпоң чөкмө­лөрдө чачыранды деп аталат. Бир эле минерал­дан турганы – мономинералдуу, көптөгөн ми­нералдардан турса полиминералдуу деп аталат. Курамындагы кымбат баалуу компоненттер б-ча бай, орто, жарды К. делет. Пайда болуу шартына жараша эндогендүү, экзогендүү ж-а ме­таморфогендүү түрлөрдөн турат. К-тын пайда­зыяны технол. сыноолор ж-а салыштыруу жолу м-н аныкталат. Курамындагы эң негизги ком­поненттердин запасы, өлчөмү, саны, кошулма­ларынын зыян келтирбей турган максималдуу саны ө. ж-лык кондиция деп аталат. Ал К-ты казып алуу мүмкүнчүлүгүн аныктайт.


Ад.: Вольфсон Ф. И., Дружинин А. В. Главнейшие типы рудных месторождений. М., 1982.