КЕНТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНТАШ , р у д а – курамында казып ж-а бөлүп алууга жарактуу металлдар же алардын бирик­мелери бар минералдардын табигый чогундусу. Өз ичинен металл ж-а металл эмес кенташ болуп эки түргө бөлүнөт. Металл эмеске асбест, барий, күкүрт, графит, корунд ж. б. кирет. Кенташты түзүүчү минералдардын орун алышына (текстура) жа­раша нык, катмарлуу, темгилдүү, тарамдашкан, ала-була, жол-жол, чачынды, чаар түрлөрдөн турат. Түзүлүшүнө карата бир өңчөй, текши эмес, бүртүктүү, оолит, порфир сыяктуу түрлөргө бөлү­нөт. Катуу, бек тектерде тулку, борпоң чөкмө­лөрдө чачыранды деп аталат. Бир эле минерал­дан турганы – мономинералдуу, көптөгөн ми­нералдардан турса полиминералдуу деп аталат. Курамындагы кымбат баалуу компоненттер боюнча бай, орто, жарды кенташ делет. Пайда болуу шартына жараша эндогендүү, экзогендүү ж-а ме­таморфогендүү түрлөрдөн турат. Кенташтын пайда­-зыяны технологиялык сыноолор ж-а салыштыруу жолу м-н аныкталат. Курамындагы эң негизги ком­поненттердин запасы, өлчөмү, саны, кошулма­ларынын зыян келтирбей турган максималдуу саны өнөр жайлык кондиция деп аталат. Ал кенташты казып алуу мүмкүнчүлүгүн аныктайт.

Ад.: Вольфсон Ф. И., Дружинин А. В. Главнейшие типы рудных месторождений. М., 1982.