КЕН СЫНОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН СЫНОО – казылып алынуучу кендердин касиеттери м-н сапатын аныктоо ыкмалары. Кендин хим. ж-а минералдык курамын, физ.- мех. касиеттерин, казылып алынышын, технол. жактан иштетүү, ылгоо өзгөчөлүктөрүн, өлчөмү м-н запасын аныктоо жолдору. Геофиз., мине­рал., хим., технол. ыкмалар колдонулат. Г е о­ф и з и к а л ы к ы к м а м-н кендин сапаты, кээде өлчөмү аныкталат. М и н е р а л о г и я­л ы к ыкмада кендин ар кайсы жеринен сына­мык алып, курамы, касиеттери, сапаты лабор. жол м-н изилденет. Катуу тектерден сынамык борозд, штуф, кырма, чукума, бургулоо ж-а дүң алынат. Кенташтагы баалуу кендин бардык өзгөчөлүктөрү текшерилет. Борозд түрүндө сы­намык алуу кеңири колдонулат. Борозддун эни 5–20 см, тереңдиги 3–5 смге жетип, кенташтын туурасы б-ча жүргүзүлөт. Чегилип алынган ма­териал сынамык болуп эсептелет. Борозддун уз. кенташтын туурасына жараша 1 мге жеткен бир нече сынамыктан турат. Салмагы бир нече гдан


(штуф) ондогон т га (технол. сынамык) жетет. Сынамыкты таш талкалоочу тегирменде упадай майдалайт. Анан атайын түзүлгөн схема б-ча бир нече жүздөгөн г үлгү алат. Аны изилдөө үчүн лабор-га жөнөтөт. К. с. кенди издеп чалгындоо­до, экон. жактан баалоодо негизги ыкма болуп саналат.