КЕН СЫНОО
КЕН СЫНОО – казылып алынуучу кендердин касиеттери м-н сапатын аныктоо ыкмалары. Кендин химиялык ж-а минералогияык курамын, физикалык- механикалык касиеттерин, казылып алынышын, технологиялык жактан иштетүү, ылгоо өзгөчөлүктөрүн, өлчөмү м-н запасын аныктоо жолдору. Геофизикалык, минералдык, химиялык, технологиялык ыкмалар колдонулат. Г е о ф и з и к а л ы к ы к м а м-н кендин сапаты, кээде өлчөмү аныкталат. М и н е р а л о г и я л ы к ыкмада кендин ар кайсы жеринен сынамык алып, курамы, касиеттери, сапаты лабораториялык жол м-н изилденет. Катуу тектерден сынамык борозд, штуф, кырма, чукума, бургулоо ж-а дүң алынат. Кенташтагы баалуу кендин бардык өзгөчөлүктөрү текшерилет. Борозд түрүндө сынамык алуу кеңири колдонулат. Борозддун эни 5–20 см, тереңдиги 3–5 смге жетип, кенташтын туурасы боюнча жүргүзүлөт. Чегилип алынган материал сынамык болуп эсептелет. Борозддун узундугу кенташтын туурасына жараша 1 мге жеткен бир нече сынамыктан турат. Салмагы бир нече гдан (штуф) ондогон т га (технологиялык сынамык) жетет. Сынамыкты таш талкалоочу тегирменде упадай майдалайт. Анан атайын түзүлгөн схема боюнча бир нече жүздөгөн г үлгү алат. Аны изилдөө үчүн лабораторияга жөнөтөт. Кен сыноо кенди издеп чалгындоодо, экономикалык жактан баалоодо негизги ыкма болуп саналат.