КЕН КАЛДЫГЫ
КЕН КАЛДЫГЫ – пайдалуу кендерди жер астынан казып алууда баланстык запастын өндүрүлбөй калган бөлүгү. Жалпы шахталык ж-а эксплуатациялык калдыктардан турат. Ж а лп ы ш а х т а л ы к калдыктарга казма арасында калтырылган мамылар, капиталдык иштердин чет-жакалары, скважиналар, шахта талааларынын чегиндеги тосмо мамылар, туракжайлар, тех. ж-а чарбалык курулуштар, коммуникациялар, суу каптаган жерлердин, корукчалардын алдында калган кендер кирет. Э к сп л у а т а ц и я л ы к калдыктарга массивдеги (казмалардын арасындагы мамылар, үстүнкү ж-а астынкы капталда калгандар, кендин ичкерип, жукарып кеткен бөлүктөрү, өрт чыккан, суу толгон, ураган участкалар, тектон. жаракалар) ж-а массивден тышкары (курамында кен өтө аз кездешкен тектер, көмүлгөн, суу толгон, талкаланып ураган участкалар, жүктөөчү, ташуучу, жыюучу, сорттоочу жерлердеги) калдыктар кирет.