КЕН КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН КАЛДЫГЫ – пайдалуу кендерди жер ас­тынан казып алууда баланстык запастын өндү­рүлбөй калган бөлүгү. Жалпы шахталык ж-а эксплуатациялык калдыктардан турат. Ж а л ­п ы ш а х т а л ы к калдыктарга казма ара­сында калтырылган мамылар, капиталдык иш­тердин чет-жакалары, скважиналар, шахта та­лааларынын чегиндеги тосмо мамылар, турак­ жайлар, техникалык ж-а чарбалык курулуштар, комму­никациялар, суу каптаган жерлердин, корукча­лардын алдында калган кендер кирет. Э к с ­п л у а т а ц и я л ы к калдыктарга массивдеги (казмалардын арасындагы мамылар, үстүнкү ж-а астынкы капталда калгандар, кендин ич­керип, жукарып кеткен бөлүктөрү, өрт чыккан, суу толгон, ураган участкалар, тектоникалык жарака­лар) ж-а массивден тышкары (курамында кен өтө аз кездешкен тектер, көмүлгөн, суу толгон, талкаланып ураган участкалар, жүктөөчү, та­шуучу, жыюучу, сорттоочу жерлердеги) калдык­тар кирет.