КЕНИЯ (жанартоо массиви)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́НИЯ – Чыгыш Африкадагы өчкөн жанартоо массиви, Кенияда, экваторго жакын жайгаш­кан; бийиктиги б-ча Африкадагы 2-чоку (Ба­тиан, 5199 м). Лава платосунан бузулган конус сымал көтөрүлүп турат; Чыгыш Африка риф зонасынан чыгышта. Ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат: этегинен 1200 м бийикке чейин нымдуу экватордук токой (ги­лея); андан жогору (2000 мге чейин) мелүүн ысык климат алкагында кофе, сизаль, банан плантациялары; 3000 мге чейин нымдуу тоо токою; 4800 мге чейин экватордук бийик тоо шалбаасы; андан жогору түбөлүк кар ж-а мөңгү жатат. Капталдарында 15 мөңгү бар (уз. 1,5 кмге чейин). К-нын чокусун ж-а айланасын Маунт- Кения улуттук паркы ээлеп, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.