КЕНИЯ (жанартоо массиви)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕ́НИЯ – Чыгыш Африкадагы өчкөн жанартоо массиви, Кенияда, экваторго жакын жайгашкан; бийиктиги боюнча Африкадагы 2-чоку (Батиан, 5199 м). Лава платосунан бузулган конус сымал көтөрүлүп турат; Чыгыш Африка риф зонасынан чыгышта. Ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат: этегинен 1200 м бийикке чейин нымдуу экватордук токой (гилея); андан жогору (2000 мге чейин) мелүүн ысык климат алкагында кофе, сизаль, банан плантациялары; 3000 мге чейин нымдуу тоо токою; 4800 мге чейин экватордук бийик тоо шалбаасы; андан жогору түбөлүк кар ж-а мөңгү жатат. Капталдарында 15 мөңгү бар (узундугу 1,5 кмге чейин). Кениянын чокусун ж-а айланасын Маунт- Кения улуттук паркы ээлеп, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.