КЕНЕСАРЫ ХАНДЫН ЧАПКЫНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНЕСАРЫ ХАНДЫН ЧАПКЫНЫКенесары Касымов башында турган казактардын Түн. Кырг-нга жасаган жортуулу (1846; 1847). Рос­сия империясынын басып алуу саясатына бай­ланыштуу Оренбург ж-а Сибирь чебиндеги орус аскеринин кысымына учураган К. Касымов 1845- жылдын күз айларында Чүй өрөөнүнө чегинген. Ал 1846-ж. эрте жазда кыргыз манаптарына (Жантай, Жаңгарач) элчи жиберип, орустарга каршы бир колго биригүүгө чакырган. Кыргыз манаптары кеңешип, «жашы улуу, хандыкты Ормонго бер, калган ишти өзүң бил» деп жооп берген. Бирок казак элчилери кайтып бара жа­тып, жолдон жылкы уурдаган. Артынан куу­ган кыргыздар элчилерди кармап, Ормон ханга жеткиришкен. Ормон «булар элчи эмес, ууру­лар турбайбы» деп, кыргыздар кабыл алган мыйзамга ылайык кулактарын кесип, коё бер­ген. Аны шылтоологон Кенесары хан ошол эле жылдын март–апрель айларында Агыбай м-н Букарбай башында турган 3 миң жоокерин кыр­гыздарга каршы аттандырган. Бул салгылашуу­да казактардан 1000 киши өлүп, 5 султан 2000 жоокери ж-а 2 замбиреги м-н колго түшкөн. Мындан соң солто элинин атынан Тынаалы Чыны уулу кыргыз м-н казакты ынтымакка чакыруу үчүн Кенесарыга барган учурда, кыр­гыздар да (солтонун төкөлдөш уругунан) казак­тардан тогуз байтал уурдап келген. Ага жооп кылып казактар Тынаалыны туткунга алган. Абалдын курчуп бара жатканынан улам Жан­тай м-н Жаңгарачтар казактарды тынчытуу үчүн Кенесарыга элчи жиберген (к. Калыгул че­чен). Бирок чапырашты уруусунун баатыры Шоорук Кенесарынын кеңеши м-н солтонун жылкысын чаап, Жаманкара баатырды элде­шели деп, үч жолдошу м-н алдап чакыртып, Кенесары ханга кармап берген. Хан анын эки бөйрөгүн оюп өлтүрткөн. Ошол эле жылдын күз айларында Жаманкаранын кунун кууган агасы Чыңгыш жанына Күрпүк м-н Самакты алып, Шооруктун айылына кол салып, өзүн өлтүрүш­көн. Бул окуя Кенесарынын кыргыздарга жаңы жортуул уюштуруусуна шылтоо болгон. Жор­туул учурунда Кенесары Мерке чебин курчоого алган. Чептин башчысы Мухаммедали датка со­гушуудан баш тартып, Кенесарыга Кызылооз деген күлүгүн тартуулап, багынып берген. Ан­дан кийин таластык кыргыздарды чаап, Калча башында турган 200 кыргызды колго түшүргөн. Пишпек чебинин беги Алишер датка багынуу­дан баш тарткан. Муну уккан Ормон хан Жан­тай, Жаңгарач, Ажыбек (Токтобай уулу), Төрө­гелди, Боромбай, Балбай ж. б. эл мыктылары м-н кеңешип, согушка даярдык көрө баштаган. 1847-жылдын башында Кенесары колго түшкөн кыргыздарды бошотуп, Эсенгелди Саржан уулу баштаган элчилерин Ормонго 2-жолу жиберген. Ормон кайра эле «менин жашым улуу, хандык­ты мага берип, өзүң акылдашып иш кыл» деген жообун берген. Ушундай шартта Кенесары хан кыргыздарды чабууга бел байлаган. Казактын кээ бир бийлеринин (Сыпатай, Байзак ж. б.) каршы болгонуна карабай, Кенесары кол алды­на 10 миңден ашык жоокер, 2 замбирек, 1,5 миңден ашык мылтык жыйнаган. Экинчи ча­буул 1847-жылдын 17–25-апрелинде болуп өт­көн. Кенесары Тынаалыга жол баштатып, түнү м-н азыркы Кант ш-нын түндүгүндө жайгаш­кан Кара-Суудагы сарыбагыштардын айылына капыстан кол салган. Кыргыздар ок-дарылары калбай калганча кармашып, Ормонбек, Субан­бек ж. б. баатырлар өлгөн, а. и. Калпак баа­тыр Стамбек уулу өзгөчө эрдик көргөзгөн. Ке­несары колун экиге бөлүп, Токмокту көздөй жөнөп, Чүй суусунун оң жагында Текеликтин (Кекиликтин) сеңири деген жердеги Май-Дөбөгө туусун тиккен. Жантай м-н Жангарач башын­да турган Чүйдөгү солто м-н сарыбагыштар ка-


зактар м-н кармашып, Кенесарынын баласы Жа­парды колго түшүрүп алышкан. Үч күндөн кий­ин керней-сурнайын тарттырып, колу м-н Ор­мон келгенде Кенесары: «Сыйырча мөөрөгөн не?» – десе, жанындагы Байзак: «Ханым, сиз кыр­гыздын чабагы м-н чабышып жаткансыз, жа­яны эми келди»,– деп түшүндүргөн. Ормон кол башчылыкты өз колуна алып, түнкүсүн кыр­кырларга алоолонтуп от жактырып, жер жай­наган аскер келип калгандай сүр көрсөткөн. Күндүзү тал, кар аган-чычырканакты атка сүйрөтүп, адыр аралай, кыр ылдый өйдө-төмөн чапкылаган жигиттер уюлгуган коюу чаң чы­гарып, түмөндөгөн кол т оптолгондой түр көрсөтүп, жоонун жүрөгүнүн үшүн алган. Казак­тардын көбү чабуул башталганда эле качып, жер өңүтүн билбегендиктен, Мыкандын сазына чөгүп кеткени да көп болгон. Агыбай баатыр башта­ган азыраак гана казактар аман кутулган. Ка­зак жактан бардыгы миңден ашык киши (а. и. төрө тукумунан 32) курал-жарактары м-н тут­кунга түшкөн. Кенесарынын жибек чатыры ж-а өздүк мылтыгы да колго түшүп, алар ки­йин Бүткүл россиялык көргөзмөгө коюлган. Кене­сары м-н анын иниси Ноорузбайды Алмалуу-Сай деген жерден Дайырбек, Жалбай, Калча Атам­бековдор колго түшүрүп алышкан. Кенесарыны жеңгени үчүн кыргыздардан 12 кишини орус бийлиги ар кандай медалдар м-н сыйланган. К. х. ч-нда кыргыздардан Шамен Куттуксейит уулу, Адыл Субан уулу, Үмөтаалы, Чаргын Ор­мон уулдары, Төрөкелди баатыр, Алыбек Кети­рекей уулу, Кебек мерген, Ботаалы Назар уулу ж. б. баатырлар өзгөчө эрдик көрсөтүшкөн.


Ад.: Кенесарин А. Кенесары и Садык. Таш., 1889; Бекмаханов Е. Казахстан в 20–40 годы XIX в. А.-А., 1947; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1–2. Б., 1993; Касымбаев Ж. Последний поход хана Кене­сары и его гибель (декабрь 1846–1847 гг.). А., 2002; Алихан Букейхан (Степняк). Материалы к истории султана Кенесары Касымова (воспоминания кара­киргиза Калигуллы Алибекова о последних днях Ке­несары)//Кыргызстан тарыхынын маселелери. ¹ 4, 2006; Махаева А. Казак-кыргыз саяси байланыста­рынын тарихы (XVIII кылымдын экинши жарымы – ХХ кылымдын башы). А., 2007; Абдырахманов Ы. Казак, кыргыз окуясы //Кыргызстан тарыхынын ма­селелери. Б., ¹ 1, 2007.