КЕНЕСАРЫ ХАНДЫН ЧАПКЫНЫ
КЕНЕСАРЫ ХАНДЫН ЧАПКЫНЫ – Кенесары Касымов башында турган казактардын Түндүк Кыргызстанга жасаган жортуулдары (1845; 1846–1847). Россия империясынын басып алуу саясатына байланыштуу Оренбург жана Сибирь чебиндеги орус аскеринин кысымына учураган К. Касымов 1845-жылдын күз айларында Чүй өрөөнүн көздөй чегинген. Ошол эле жылы кеч күз ченде Кенесары айылын Чүй суусунун аягына кондуруп, Улуу жүзгө караштуу уйсундардын (юсун) 120 чакты айылын чаап, катын-кыздарын олжолоп алган. Андан кийин кыргыздардан зекет (салык) талап кылуу үчүн алты кишисин элчи кылып аттандырат, бирок алар зекет төлөөдөн баш тартып, тескерисинче, алардын жеринен конуш алганы үчүн Кенесарынын өзүнөн зекет алууга ниет кылышканын билдиришет. Кыргыздардын жообуна ызаланган Кенесары аларды чаап келүүгө 2 миң кол аттандырат. Согушка даяр турган кыргыздар аларды курчап алып, толук кыйроого учураткан. Архив маалыматтарында султандар Бопу (Бупе) Касымов, Карабай Карачев, дагы бир аты аталбаган жаш султан курман болуп, көп казак, алардын ичинде Кенесарынын кайниси (кийин белгилүү болгондой Эртай Турсунов) жана аты белгисиз жакын адамы туткунга түшүп, хандын кайнисин кыргыздар 64 карагер атка, ал эми экинчисин 10 түлкү ичик, 10 кымбат чепкен, 10 кундуз, 10 кула ат жана 10 төөгө баалап, сатыкка чыгарышкан. А. Янушкевичтин күндөлүгүндө «казактардан 1500 жоокер өлүп, эки замбиреги жана 500дөй кыздарынан айрылганы, колго түшкөн бир нече жүз адамдардан саналуулары гана кайтарылып, калгандары ташкенттиктерге» сатылганы айтылат. Кыргыздардан алгачкы жолу жеңилгенден кийин 1845–1846-жылдын кыш айларында Кенесары колу менен Иле дарыясынын оң жээгине, Рүстөм султандын айылына жакын жерге көчүп кеткен. Ушул учурда Ташкенттин кушбеги Кенесарыга каршы кол жыйнап жатканы, бирок анын кыргыздардан жеңилип, Иле дарыясынан өтүп кеткени угуп, токтоп калганы тууралуу да маалымат калган. Көп өтпөй Илени жээктей, Кытайдын чегине жакын, Үйгөн-Таш (Уйган-тас) деген белге келип конот. Хан ушул жерден белекке 9 жылкы айдатып, конуш берүүнү өтүнүп, султан Кудайменде Саржанов, бий Чокмор Бактыбаев жана Сейдек кожону (Суйдак-ходжа) Кытайга жөнөтөт. Бирок анын бул өтүнүчү канааттандырылбайт. Мындан көп өтпөй кыргыз манаптарына (Жантай, Жаңгарач) элчи жиберип, орустарга каршы бир колго биригүүгө чакырган. Кыргыз манаптары кеңешип, «жашы улуу, хандыкты Ормонго бер, калган ишти өзүң бил» деген жоопту берген. Бирок казак элчилери кайтып бара жатып, жолдон жылкы уурдаган. Артынан кууган кыргыздар элчилерди кармап, Ормон ханга жеткиришкен. Ормон «булар элчи эмес, уурулар турбайбы» деп, кыргыздар кабыл алган мыйзамга ылайык кулактарын кесип, коё берген. Аны шылтоологон Кенесары хан ошол эле жылдын март–апрель айларында Агыбай менен Букарбай башында турган 3 миң жоокерин кыргыздарга каршы аттандырган. Бул салгылашууда казактардан 1000 киши өлүп, 5 султан 200 жоокери жана 2 замбиреги менен колго түшкөн. Мындан соң солто элинин атынан Тынаалы Чыны уулу кыргыз менен казакты ынтымакка чакыруу үчүн Кенесарыга барган учурда, кыргыздар да (солтонун төкөлдөш уругунан) казактардан тогуз байтал уурдап келген. Ага жооп кылып казактар Тынаалыны туткунга алган. Абалдын курчуп бара жатканынан улам Жантай менен Жаңгарачтар казактарды тынчытуу үчүн Кенесарыга элчи жиберген (кара: Калыгул чечен). Бирок чапырашты уруусунун баатыры Шоорук Кенесарынын кеңеши менен солтонун жылкысын чаап, Жаманкара баатырды элдешели деп, үч жолдошу менен алдап чакыртып, Кенесары ханга кармап берген. Хан анын эки бөйрөгүн оюп өлтүрткөн. Ошол эле жылдын күз айларында Жаманкаранын кунун кууган агасы Чыңгыш жанына Күрпүк менен Самакты алып, Шооруктун айылына кол салып, өзүн өлтүрүшкөн. Бул окуя Кенесарынын кыргыздарга жаңы жортуул уюштуруусуна шылтоо болгон. Сибирь Чек ара башкармалыгынын башчысы генерал-майор Н. Ф. Вишневскийдин 14-сентябрь, 1846-ж. билдирүүсү боюнча «Кулан-Басы, Кум-Басыда» (Каратал суусунун батышы) отурган Кенесары төрт миң кол менен Иледен өтүп, сарыбагыш-солто урууларын чаап, көп олжо алып кайтышы ушул окуяларга байланышы бар болушу мүмкүн. Есаул Нюхаловдун ошол эле күнкү рапортунда да Кенесары Иленин Балхашка куйган салааларынын бири – Камалга (Камоо, Кара-Камоо) көчүп барган жана уйсун казактары ага каршы көтөрүлгөндөн кийин бул жактан үмүтү үзүлүп Ала-Тоого жакын жерде жапайы кыргыздардын 200 эгинчисин өлтүрүп, эки жүзүн туткунга алып кеткени айтылат. Сибирь корпусунун командири П. Д. Горчаковдун Аскер министри Чернышевге жолдогон рапортунда С. Аблайханов, А. Адилев ж. б. султандар жыйнаган куралчан казак тобунун коштоосу менен орус отряды Каратал өзөнүнөн аттанып чыкканын уккан Кенесары шашылыш Камалды калтырып, Иледен 300 чакырым алыс Чүй суусунун жээгиндеги кумдак жерге кетип, ал жерден жапайы кыргыздардын эгинчилерин өлтүрүп, 400үн туткунга алганы белгиленген. Болжол менен ушул жортуулунда Кенесары Мерке чебин курчоого алган. Чептин башчысы Мухаммедали датка согушуудан баш тартып, Кенесарыга Кызылооз деген күлүгүн тартуулап, багынып берген. Андан кийин таластык кыргыздарды чаап, Калча башында турган 200 кыргызды колго түшүргөн. Пишпек чебинин беги Алишер датка багынуудан баш тарткан. Бул кабарларды уккан Ормон хан Жантай, Жаңгарач, Ажыбек (Токтобай уулу), Төрөгелди ж. б. эл мыктылары менен кеңешип, согушка даярдык көрө баштаган. 1847-жылдын башында Кенесары колго түшкөн Калча менен башка кыргыздарды бошотуп, Эсенгелди Саржан уулу баштаган элчилерин Ормонго 2-жолу жиберген. Ормон кайра эле «менин жашым улуу, хандыкты мага берип, өзүң акылдашып иш кыл» деген жообун берген. Ушундай шартта Кенесары хан кыргыздарды чабууга бел байлаган. Казактын кээ бир бийлеринин (Сыпатай, Байзак ж. б.) каршы болгонуна карабай, Кенесары кол алдына 10 миңден ашык жоокер, 2 замбирек, 1,5 миңден ашык мылтык жыйнаган. Экинчи чабуул 1847-жылдын 17–25-апрелинде болуп өткөн. Кенесары Тынаалыга жол баштатып, түнү менен азыркы Кант шаарынын түндүгүндө жайгашкан Кара-Суудагы сарыбагыштардын айылына капыстан кол салган. Кыргыздар ок-дарылары калбай калганча кармашып, Ормонбек, Субанбек ж. б. баатырлар өлгөн, анын ичинде Калпак баатыр Стамбек уулу өзгөчө эрдик көргөзгөн. Кенесары колун экиге бөлүп, Токмокту көздөй жөнөп, Чүй суусунун оң жагында Текеликтин (Кекиликтин) сеңири деген жердеги Май-Дөбөгө туусун тиккен. Жантай менен Жангарач башында турган Чүйдөгү солто менен сарыбагыштар казактар менен кармашып, Кенесарынын баласы Жапарды колго түшүрүп алышкан. Үч күндөн кийин керней-сурнайын тарттырып, колу менен Ормон келгенде Кенесары: «Сыйырча мөөрөгөн не?» – десе, жанындагы Байзак: «Ханым, сиз кыргыздын чабагы менен чабышып жаткансыз, жаяны эми келди»,– деп түшүндүргөн. Ормон кол башчылыкты өз колуна алып, түнкүсүн кыркырларга алоолонтуп от жактырып, жер жайнаган аскер келип калгандай сүр көрсөткөн. Күндүзү тал, караган чычырканакты атка сүйрөтүп, адыр аралай, кыр ылдый өйдө-төмөн чапкылаган жигиттер уюлгуган коюу чаң чыгарып, түмөндөгөн кол топтолгондой түр көрсөтүп, жоонун жүрөгүнүн үшүн алган. Казактардын көбү чабуул башталганда эле качып, жер өңүтүн билбегендиктен, Мыкандын сазына чөгүп кеткени да көп болгон. Агыбай баатыр баштаган азыраак гана казактар аман кутулган. Казак жактан бардыгы миңден ашык киши (анын ичинде төрө тукумунан 32) курал-жарактары менен туткунга түшкөн. Кенесарынын жибек чатыры жана өздүк мылтыгы да колго түшүп, алар кийин Бүткүл россиялык көргөзмөгө коюлган. Кенесары менен анын иниси Ноорузбайды Алмалуу-Сай деген жерден Дайырбек, Жалбай, Калча Атамбековдор колго түшүрүп алышкан. Кенесарыны жеңгени үчүн кыргыздардан 12 кишини орус бийлиги ар кандай медалдар менен сыйлаган. Кенесары хандын чапкынында кыргыздардан Шамен Куттуксейит уулу, Адыл Субан уулу, Үмөтаалы, Чаргын Ормон уулдары, Төрөкелди баатыр, Алыбек Кетирекей уулу, Кебек мерген, Ботаалы Назар уулу ж. б. баатырлар өзгөчө эрдик көрсөтүшкөн. Кенесары хандын чапкынын илимий негизде изилдөөгө алышкан айрым окумуштуу-тарыхчылар (мис., Е. Бекмаханов, Ж. Касымбаев ж. б.) А. Кенесариндин 1889-жылы жарык көргөн китебине таянуу менен Кенесарынын алгач кыргыздарга тынчтыкты сунуштап келгенин, бирок алар ага көнбөй, кайра өзүлөрүн карактап, ушул себептен ал чабуул жасоого аргасыз болушун баса көрсөтүшкөн. Өзгөчө Ж. Касымбаев «казак ханынын соңку» жортуулуна орус баскынчыларына каршы бирге күрөшүү чакырыгына кыргыз манаптарынын баш тартуусу башкы себеп болгонун бир нече жолу белгилеп кеткен.
Ад.: Кенесарин А. Кенесары и Садык. Таш., 1889; Сборник материалов для истории завоевания Туркестанского края. 1844, 1845 и 1846 года. /Сост. полк. А. Г. Серебренников. Таш., 1914. Т. V; Бекмаханов Е. Казахстан в 20–40 годы XIX в. А.-А., 1947; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1–2. Б., 1993; Касымбаев Ж. Последний поход хана Кенесары и его гибель (декабрь 1846–1847 гг.). А., 2002; Янушкевич А. Дневники и письма из путешествия по казахским степям. Павлодар, 2006; Махаева А. Казак-кыргыз саяси байланыстарынын тарихы (XVIII кылымдын экинши жарымы – ХХ кылымдын башы). А., 2007; Абдырахманов Ы. Казак, кыргыз окуясы //Кыргызстан тарыхынын маселелери. Б., № 1, 2007.
Э. Турганбаев.