КЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН – минералдык заттардын жер бетиндеги же анын түпкүрүндөгү көлөмү, сапаты, жайга­шуу шарты б-ча ө. ж-лык мааниге ээ болгон табигый чогундусу. Курамындагы минералдык заттар газ (гелий, неон, аргон, криптон ж. б.), суюк (жер астындагы суу, нефть ж. б.), катуу (минералдар м-н тоо тектери ж. б.) абалында кездешет. Казып алына турган заттар ө. ж-лык мааниге ээ болсо, ө. ж-лык кен деп аталат.
Ө. ж-лык мааниси жок, анчалык чоң эмес, аз сандагы түрлөрү кенташ пайда болгон жер же кенташ нокоту делет. Ө. ж-лык мааниге ээ бол­гон кендер запасы б-ча ири, орт., кичине түр­лөргө бөлүнөт. Жаратылышта пайда болуу шар­тына жараша экзоген, эндоген, метаморфоген кендеринен турат. Э к з о г е н к е н д е р и (седиментогендүү же үстүнкү) жер үстүндө же жер кыртышынын үстүнкү бетинде минерал заттар­дын мех., хим., биохим. жол м-н талкаланы­шынан келип чыккан. Үч түргө бөлүнөт: 1) тал­каланды кендер (к. Талкаланды кыртыш кен­дери); 2) чачыранды кендер (к. Кен чачынды­сы); 3) чөкмө кендер (к. Чөкмө түрүндөгү кен­дер). Э н д о г е н к е н д е р (магматогендүү же тереңдиктеги) магмадан ж-а магма көтөрүлүп ке­л ат к анда жол у нда жол у к к ан т ек т ер дин өзгөрүшүнөн пайда болот. Өзгөрүүдө тереңдик­теги өтө жогорку темп-ра м-н күчтүү басым таа­сирин тийгизет. Интрузивдүү тектер м-н тыгыз байланышат. Өз ичинен 5 топко бөлүнөт: а) маг­ма кендери, б) пегматит кендери, в) карбона­тит кендери, г) скарн кендери, д) гидротерм­дик кендер. М е т а м о р ф о г е н к е н д е­р и тоо тектеринин күчтүү өзгөрүлгөн (метамор­физм процессинен) келип чыгат. Пайда болуу мезгили б-ча архей, протерозой, палеозой, ме­зозой, кайнозой заманындагы кендерге, орун алган жерине жараша геосинклиналдуу бүктөлүү ж-а платформалуу аймактардагы кендерге бөлүнөт. Кен пайда болуу 4 деңгээлден турат: 1) үстүнкү деңгээл (1–1,5 км тереңдикке че-


йин); 2) гипабиссалдык деңгээл (1–5 км), 3) абис­салдык деңгээл (3–5 кмден 10–15 км чейин); 4) ультрабиссалдык деңгээл (10–15 кмден терең).
К. хим. элементтердин санына, геогр. шартка, кенташтагы өтө керектүү заттарды ылгап бөлүү ыңгайына жараша казылып алынат. Өндүрүп алынуучу ар бир металл үчүн ө. ж-лык мерчем колдонулат. Мында кенташта металлдын өтө аз саны, начар сапаты, казып алуу мүмкүнчүлүгү эске алынат. Темирдин мерчеми 16%, алтынды­кы 0,2 г/тга барабар. К-дин ө. ж-лык мааниси анын запасына жараша бааланат. Запасы мол болсо, кенташтагы металлдын санына карабай эле казып ала берет. О. эле казылып алына тур­ган металлдын эл чарбасындагы мааниси, сей­рек кездешүүсү эске алынат. Кырг-ндын айма­гында К-дин бардык түрү кездешет. Алардын эң ирилерине Кадамжай, Айдаркен (гидротермдик) сурьма-сымап, Кызыл-Кыя, Көк-Жаңгак, Кара- Кече көмүр кендери, Жетим темир бассейни, Кум- Төр алтын кени ж. б. мисал болот.


Ад.: Шнейдеркен Г. Рудные месторождения /Пер. с нем., М., 1958; Смирнов В. И. Геология полезных ископаемых. 2-е изд., М., 1960; Вахромеев С. А. Мес­торождение полезных ископаемых. М., 1961; Ермо­лов В. А. Месторождения полезных ископаемых. М., 2001.