КЕЛТИРИЛБЕС КӨП МҮЧӨ
КЕЛТИРИЛБЕС КӨП МҮЧӨ – төмөнкү даражалуу көбөйтүүчүлөргө ажырабаган көп мүчө. Көп мүчөнүн көбөйтүүчүлөргө ажырашы ж-а келтирилбес касиети анын коэфф-и кандай сандан турганына байланыштуу. Мис., эгер коэфф. үчүн жалаң рационалдуу гана сандарды алсак, х3+2 көп мүчөсү келтирилбес болот. Ал эми коэфф. үчүн чыныгы сандарды алсак, анда аны келтирилбес эки көп мүчөнүн көбөйтүндүсүнө ажыратууга болот: (х+ 3 2 )(х2–х 3 2 + 3 4 ). Даражасы нөлдөн чоң болгон көп мүчө берилген талаада К. к. м-гө бирден-бир гана жол м-н (туруктуу көбөйтүүчүлөргө чейинки тактыкта) ажыратылат. Эгер көп мүчө туюк коэфф-тер талаасынын алг. К. к. м. болсо, анда абс. К. к. м. деп аталат. Мис., бир өзгөрмөлүү 1-даражалуу көп мүчө абс. К. к. м. болот. Чыныгы сандар талаасында 2-даражалуу бир өзгөрмөлүү көп мүчө анын дискриминанты терс болгондо гана К. к. м. болот.
Ад.: Ван-дер-Варден Б. Л. Алгебра / Пер. с нем. М.,
1976.