КЕЛТИРИЛБЕС КӨП МҮЧӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛТИРИЛБЕС КӨП МҮЧӨ – төмөнкү даража­луу көбөйтүүчүлөргө ажырабаган көп мүчө. Көп мүчөнүн көбөйтүүчүлөргө ажырашы ж-а кел­тирилбес касиети анын коэффицциенти кандай сандан турганына байланыштуу. Мисалы, эгер коэффициенти үчүн жалаң рационалдуу гана сандарды алсак, х3+2 көп мүчөсү келтирилбес болот. Ал эми коэффициент үчүн чыныгы сандарды алсак, анда аны келти­рилбес эки көп мүчөнүн көбөйтүндүсүнө ажыра­тууга болот: (х+ . Даражасы нөлдөн чоң болгон көп мүчө берилген талаада келтирилбес көп мүчөгө бирден-бир гана жол м-н (туруктуу көбөйтүүчүлөргө чейинки тактыкта) ажыраты­лат. Эгер көп мүчө туюк коэффициенттер талаасынын алгебралык келтирилбес коп мучо болсо, анда абсолюттук келтирилбес коп мучо деп аталат. Мисалы, бир өзгөрмөлүү 1-даражалуу көп мүчө абсолюттук келтирилбес коп мучо болот. Чыныгы сандар талаасында 2-даражалуу бир өзгөрмөлүү көп мүчө анын дис­криминанты терс болгондо гана келтирилбес коп мучо болот.


Ад.: Ван-дер-Варден Б. Л. Алгебра / Пер. с нем. М.,1976.