КЕКИЛИК-УЧАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕКИЛИК-УЧАР – Базар-Коргон р-нундагы суу, Кара-Үңкүрдүн сол куймасы. Фергана тоо тиз­мегинин түш.-батыш капталындагы булактар­дан башталат. Уз. 39 км (Шаркыратманы кош­кондо). Алабынын аянты 198 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 1200 м. Жогорку агымында Шаркы­ратма деп аталат. Жапыз тоо ж-а адырларды аралап агат. Суу тартылган мезгилде кээде соо­луп да калат. Жылдык орт. чыгымы 0,67 м3/сек. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак суула­рынан куралат. Сугатка пайдалангандыктан, Тентек-Сайга (Кара-Үңкүргө) жетпейт. Жээгинде Кара-Жыгач кыш. жайгашкан.