КЕКИЛИК
КЕКИЛИК (Alectoris kakelik) –

кыргоолдор тукумундагы илбээсин куш. Дене уз. 35 смге, салмагы 400–700 гга чейин жетет. Жону боз, боор
жагы саргыч боз, капталдарында туурасынан кеткен кара сызыктары
бар. Тумшугу, буттары
кызыл. К. бөксө тоо, адырлардын сейрек бадалдуу таштак беттеринде жашайт. Евразия, Кавказ, Борб. Азия, Түн. Казакстан, Алтай ж. б. жерде кездешет. Кырг-нда 2 түрү
бар. Көмүскө жерге уялап, 24кө чейин жумуртка тууйт. 23–25 күн басып, балапан чыгарат.
Өсүмдүк уругу, жалбырагы, бүчүрү ж-а майда курт-кумурскалар м-н азыктанат. К-тин эти даамдуу, ага аңчылык кылынат.