КЕКИЛИК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕКИЛИК (Alectoris kakelik) –

кыргоолдор тукумундагы илбээсин куш. Дене узундугу 35 смге, салмагы 400–700 гга чейин жетет. Жону боз, боор жагы саргыч боз, капталдарында туурасынан кеткен кара сызыктары бар. Тумшугу, буттары кызыл. Кекилик бөксө тоо, адырлардын сейрек бадалдуу таштак беттеринде жашайт. Евразия, Кавказ, Борбордук Азия, Түндүк Казакстан, Алтай ж. б. жерде кездешет. Кыргызстанда 2 түрү бар. Көмүскө жерге уялап, 24кө чейин жумуртка тууйт. 23–25 күн басып, балапан чыгарат. Өсүмдүк уругу, жалбырагы, бүчүрү ж-а майда курт-кумурскалар м-н азыктанат. Кекиликтин эти даамдуу, ага аңчылык кылынат.