КЕЙНC

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЙНC Жон Мейнард (5. 6.1883, Кембриж –21. 4. 1946, Суусекс графтыгы, Ферл) – англ. эко­номист– мамл. ишмер ж-а публицист– 20-к-дагы экон. ой жүгүртүүнүн маанилүү агымдарынын биринин негиз салуучусу. Кембриждеги Корол­дук колледжде (1902–06) окуган. 1920-жылдан Кембриж ун-тинин проф. «Индекс методдору» аттуу алгачкы экон. эмгеги үчүн 1909-ж. А. Cмит атн. сыйл. алган. 1930-ж. К-тин акча жүгүртүү теориясы б-ча өз лекциясынан турган «Акча жөнүндө трактат»– 1936-ж. «Жумуштуулуктун– проценттин жана акчанын жалпы теориясы» аттуу эмгектери жарыяланган. К. улуттук ки­реше– керектөө– сактам ж-а инвестиция сыяк­туу агрегатталган көрсөткүчтөргө көңүл бурган ж-а экон. активдүүлүк деңгээлинин калыптануу­сун түшүндүрүүчү жалпы теорияны иштеп чык­кан. 1944-ж. Эл аралык валюта фондун ж-а Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкын түзүү планын иштеп чыккан Бреттон-Вуд конф-ясы­на британиялык делегацияны жетектеп барган.
К. теориясы АКШда– Улуу Британияда ж-а бир катар өлкөлөрдүн экономикалык саясатына олуттуу таасир тийгизген.


Ад.: Скидельски Р. Д. М. Кейнс: Экономист, фи­лософ, государственный деятель. М., 2005. Кн. 1–2.