КЕЙНC
КЕЙНC Жон Мейнард (5. 6.1883, Кембриж –21. 4. 1946, Суусекс графтыгы, Ферл) – англиялык экономист, мамлекеттик ишмер ж-а публицист, 20-кылымдагы экономикалык ой жүгүртүүнүн маанилүү агымдарынын биринин негиз салуучусу. Кембриждеги Королдук колледжде (1902–06) окуган. 1920-жылдан Кембриж университетинин профессору. «Индекс методдору» аттуу алгачкы экономикалык эмгеги үчүн 1909-жылы А. Cмит атындагы сыйлык алган. 1930-жылы Кейнстин акча жүгүртүү теориясы боюнча өз лекциясынан турган «Акча жөнүндө трактат», 1936-жылы «Жумуштуулуктун, проценттин жана акчанын жалпы теориясы» аттуу эмгектери жарыяланган. Кейнс улуттук киреше, керектөө, сактам ж-а инвестиция сыяктуу агрегатталган көрсөткүчтөргө көңүл бурган ж-а экономикалык активдүүлүк деңгээлинин калыптануусун түшүндүрүүчү жалпы теорияны иштеп чыккан. 1944-жылы Эл аралык валюта фондун ж-а Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкын түзүү планын иштеп чыккан Бреттон-Вуд конференциясына британиялык делегацияны жетектеп барган. Кейнс теориясы АКШда– Улуу Британияда ж-а бир катар өлкөлөрдүн экономикалык саясатына олуттуу таасир тийгизген.
Ад.: Скидельски Р. Д. М. Кейнс: Экономист, философ, государственный деятель. М., 2005. Кн. 1–2.