КЕДРИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́ДРИНА Зоя Сергеевна [18 (31). 8. 1904, Мос­ква – 1998, ошол эле жер] – адабиятчы, фило­логия илимд. доктору (1974), сынчы, котормо­чу. Москвадагы Горький атн. Дүйнөлүк ад-т ин­тун (1938) бүтүргөн. Адабий сынчылык ишин 1930-жылдары казак ад-ты б-ча макала жазуу­дан баштаган. К-нын орус ж-а СССР элдеринин ад-тынын ар кыл маселелерин изилдөөгө арнал­ган китептери, 300дөн ашуун адабий-сын мака­лалары жарык көргөн. Ал кыргыз ад-ты м-н ад-т таануу илиминин айрым маселелери ж-а Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, А. Осмонов, Т. Ка­сымбеков ж. б. акын-жазуучулардын чыг-лык­тары тууралуу ондогон макалалардын автору.
Өзбек ССРинин Бируни атн. мамл. сыйл. лау­реаты (1970). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белги­си» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Мухтар Ауэзов. М., 1952; Литературно-кри­тические статьи. М., 1960; Главное – человек. М., 1972.