КЕДРИНА
КЕ́ДРИНА Зоя Сергеевна [18 (31). 8. 1904, Москва – 1998, ошол эле жер] – адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1974), сынчы, котормочу. Москвадагы Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтун (1938) бүтүргөн. Адабий сынчылык ишин 1930-жылдары казак адабияты боюнча макала жазуудан баштаган. Кедринанын орус ж-а СССР элдеринин адабиятынын ар кыл маселелерин изилдөөгө арналган китептери, 300дөн ашуун адабий-сын макалалары жарык көргөн. Ал кыргыз адабияты м-н адабият таануу илиминин айрым маселелери ж-а Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, А. Осмонов, Т. Касымбеков ж. б. акын-жазуучулардын чыгармачылыктары тууралуу ондогон макалалардын автору. Өзбек ССРинин Бируни атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Мухтар Ауэзов. М., 1952; Литературно-критические статьи. М., 1960; Главное – человек. М., 1972.