КЕГЕТИ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕГЕТИ АШУУСУ Кыргыз Ала-Тоосунда, Кеге­ти (Чүйдүн сол куймасы) ж-а Чыгыш Каракол (Кочкордун сол куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 3702 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 400–500 м. Капталдары тик. Ашуу девон-карбондун кумдук, катмарлуу конгломерат, сланец, мергель тек­теринен турат. Чүй өрөөнүнөн Ийри-Суу ж-а Суу­самыр жайлоолоруна мал ашырылат. Кыш мез­гилинде кар калың жаап, 2–3 ай ашуу жабылат.