КЕГЕТИ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕГЕТИ АШУУСУ Кыргыз Ала-Тоосунда, Кеге­ти (Чүйдүн сол куймасы) ж-а Чыгыш Каракол (Кочкордун сол куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 3702 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 400–500 м. Капталдары тик. Ашуу девон-карбондун кумдук, катмарлуу конгломерат, сланец, мергель тек­теринен турат. Чүй өрөөнүнөн Ийри-Суу ж-а Суу­самыр жайлоолоруна мал ашырылат. Кыш мез­гилинде кар калың жаап, 2–3 ай ашуу жабылат.