КВОТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВО́ТА (англ. quota – үлүш, бөлүк) – 1) улут­тук же эл аралык бирикмелердин катышуучу­ларынын ар бири үчүн тиешелүү макулдашуу­лардын чегинде белгиленүүчү өндүрүшкө– соода­га катышуу үлүшү; 2) эл аралык экон. же валю­та-финансылык уюмдун уставдык фондуна же капиталына өлкөнүн төгүмү; 3) салык бирди­гине алынуучу салык чени.