КВОТА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КВО́ТА (англ. quota – үлүш, бөлүк) – 1) улуттук же эл аралык бирикмелердин катышуучуларынын ар бири үчүн тиешелүү макулдашуулардын чегинде белгиленүүчү өндүрүшкө– соодага катышуу үлүшү; 2) эл аралык экономикалык же валюта-финансылык уюмдун уставдык фондуна же капиталына өлкөнүн төгүмү; 3) салык бирдигине алынуучу салык чени.