КВАНТТЫК СААТ
КВАНТТЫК СААТ , а т о м с а а т ы – убакытты эсептөөчү түзүлүш; анда жыштыгы кванттык стандарт м-н башкарылуучу кварц генератору бар. Мында маятниктин милдетин атом аткарат. Анын жүрүшүн атомдордун бир энергиялык абалдан экинчи абалга өтүүдөгү нурлануу жыштыгы жөнгө салат. Бул жыштык өтө турактуу (каталыгы 10–11– 10–13) болгондуктан, К. с. убакытты астр. ыкмадан да так өлчөөгө мүмкүндүк берет. К. с. жыштыктын кванттык стандарттардын жардамы м-н текшерилет. Биринчи К. с. 1955-ж. АКШда жасалган. Азыркы К. с-та кээде цезийлүү репер колдонулат. Кийинки мезгилде рубидийлүү К. с. кеңири тараган. Ал кварц саатына салыштырганда өтө так болгондуктан, радионавигация системаларында, астр. обсерваторияларда, ил. изилдөөлөрдө, текшерүү, ченөө лабор-ларында ж. б. колдонулат.