КВАНТТЫК МЕХАНИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНТТЫК МЕХА́НИКА , т о л к у н м е х а­н и к а с ы – микробөлүкчөлөрдүн (мис., атом, молекула, кристалл электрондору) кыймыл за­кондорун ж-а түшүндүрүү ыкмаларын аныктоо­чу физ. теория; кванттык теориянын негизги бөлүмдөрүнүн бири. К. м. атом структурасын, спектрин ж-а элементтердин мезгилдүү система­сын биринчи жолу түшүндүрүүгө, хим. байла­ныштын табиятын аныктоого мүмкүндүк бер­ди. 20-к-дын башында Ньютон классикалык механикасы м-н электр-магниттик талаанын классикалык теориясынын жоболору жарыктын зат м-н өз ара аракеттенишине ж-а атомдо бо­луучу процесстерге колдонулбай тургандыгын аныктаган. Бул процесстерди жаңы теориянын


негизинде түшүндүрүү үчүн жүргүзгөн аракеттер­дин натыйжасы К. м-нын закондорун ачууга алып келди. Квант түшүнүгүн физикага бирин­чи жолу М. Планк жылуулук чыгаруу теория­сына арналган ил. эмгегинде киргизген (1900). Макроскопиялык нерселердин касиеттери алар­ды түзгөн бөлүкчөлөрдүн кыймылы ж-а өз ара аракеттери м-н аныкталат. К. м-нын закондору ядро энергетикасын, кванттык электрониканын ж. б-ды түшүндүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Классикалык механиканын теориясынан айыр­маланып, К. м-нда бардык бөлүкчөлөр корпуску­лалык ж-а толкундук (дуализм) касиетке ээ деп эсептелет. К. м-да каралуучу микробөлүкчөлөр­дүн (мис., атом электрондорунун) энергиясы дис­креттүү (үзгүлтүксүз) деп далилденет. Кванттык системанын абалы толкундук функция м-н чеч­меленет, ал функциянын модулунун квадраты системанын берилген абалынын ыктымалдуу­лугун ж-а ал маанинин чоңдугун аныктайт. К. м-нан бардык эле физ. чоңдуктар бир убакта так мааниге ээ болбойт деген натыйжа келип чыгат. Толкун функциясы бөлүкчөлөрдүн диф­ракциясын түшүндүрүүчү суперпозиция принци­бине баш иет. Кванттык теориянын өзгөчөлүгү – көпчүлүк физ. чоңдуктардын мүмкүн болуучу маанилеринин дискреттүүлүгү, мис., атом элек­трондорунун энергиясы, кыймыл санынын мо­менти ж-а анын ар кандай багытка проекция­сы ж. б. К. м-нда Планк туруктуулугу (h) не­гизги мааниге ээ, ал – кубулуштарды туура тү­шүндүрүү үчүн классикалык физика же квант­тык теорияны колдонуларын аныктоочу негиз­ги табият масштабынын (ченинин) бири. Эгер физ. кубулуш классикалык физика м-н түшүн­дүрүлсө, анда h=0. Бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгын жарык ылдамдыгынан аз учурду караштыруу­чу релятивдик эмес К. м. карама-каршылык­сыз толук теория болуп эсептелет. К. м-нын за­кондору көптөгөн макроскопиялык кубулуш­тарды түшүндүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Мис., катуу нерселердин көптөгөн касиеттерин түшүнүүгө, өтө өткөрүмдүүлүк кубулушун, фер­ромагнетизмди, өтө агуучулукту ж. б. түшүн­дүрүүгө мүмкүндүк берди. К. м-нын закондору­нун негизинде ядро энергиясы, кванттык элек­троника түшүндүрүлөт.


Ад.: Блохинцев Д. И. Основы квантовой механики. 7-е изд. СПб., 2004; Фок В. А. Начала квантовой механики. 5-е изд. М., 2008.