КВАНТТЫК МЕХАНИКА
КВАНТТЫК МЕХА́НИКА , т о л к у н м е х а н и к а с ы – микробөлүкчөлөрдүн (мисалы, атом, молекула, кристалл электрондору) кыймыл закондорун ж-а түшүндүрүү ыкмаларын аныктоочу физикалык теория; кванттык теориянын негизги бөлүмдөрүнүн бири. Кванттык механика атом структурасын, спектрин ж-а элементтердин мезгилдүү системасын биринчи жолу түшүндүрүүгө, химиялык байланыштын табиятын аныктоого мүмкүндүк берди. 20-кылымдын башында Ньютон классикалык механикасы м-н электр-магниттик талаанын классикалык теориясынын жоболору жарыктын зат м-н өз ара аракеттенишине ж-а атомдо болуучу процесстерге колдонулбай тургандыгын аныктаган. Бул процесстерди жаңы теориянын негизинде түшүндүрүү үчүн жүргүзгөн аракеттердин натыйжасы кванттык механиканын закондорун ачууга алып келди. Квант түшүнүгүн физикага биринчи жолу М. Планк жылуулук чыгаруу теориясына арналган илимий эмгегинде киргизген (1900). Макроскопиялык нерселердин касиеттери аларды түзгөн бөлүкчөлөрдүн кыймылы ж-а өз ара аракеттери м-н аныкталат. Кванттык механиканын закондору ядро энергетикасын, кванттык электрониканын ж. б-ды түшүндүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Классикалык механиканын теориясынан айырмаланып, Кванттык механикада бардык бөлүкчөлөр корпускулалык ж-а толкундук (дуализм) касиетке ээ деп эсептелет. Кванттык механикада каралуучу микробөлүкчөлөрдүн (мисалы, атом электрондорунун) энергиясы дискреттүү (үзгүлтүксүз) деп далилденет. Кванттык системанын абалы толкундук функция м-н чечмеленет, ал функциянын модулунун квадраты системанын берилген абалынын ыктымалдуулугун ж-а ал маанинин чоңдугун аныктайт. Кванттык механикадан бардык эле физ. чоңдуктар бир убакта так мааниге ээ болбойт деген натыйжа келип чыгат. Толкун функциясы бөлүкчөлөрдүн дифракциясын түшүндүрүүчү суперпозиция принцибине баш иет. Кванттык теориянын өзгөчөлүгү – көпчүлүк физикалык чоңдуктардын мүмкүн болуучу маанилеринин дискреттүүлүгү, мисалы, атом электрондорунун энергиясы, кыймыл санынын моменти ж-а анын ар кандай багытка проекциясы ж. б. Кванттык механикада планк туруктуулугу (h) негизги мааниге ээ, ал – кубулуштарды туура түшүндүрүү үчүн классикалык физика же кванттык теорияны колдонуларын аныктоочу негизги табият масштабынын (ченинин) бири. Эгер физикалык кубулуш классикалык физика м-н түшүндүрүлсө, анда h=0. Бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгын жарык ылдамдыгынан аз учурду караштыруучу релятивдик эмес кванттык механика карама-каршылыксыз толук теория болуп эсептелет. Кванттык механиканын закондору көптөгөн макроскопиялык кубулуштарды түшүндүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Мис, катуу нерселердин көптөгөн касиеттерин түшүнүүгө, өтө өткөрүмдүүлүк кубулушун, ферромагнетизмди, өтө агуучулукту ж. б. түшүндүрүүгө мүмкүндүк берди. Кванттык механиканын закондорунун негизинде ядро энергиясы, кванттык электроника түшүндүрүлөт.
Ад.: Блохинцев Д. И. Основы квантовой механики. 7-е изд. СПб., 2004; Фок В. А. Начала квантовой механики. 5-е изд. М., 2008.