КВАНТТЫК КРИСТАЛЛДАР
КВАНТТЫК КРИСТАЛЛДАР – заттар термод. туруксуздуктан туруктуу абалга өткөндө пайда болгон, атомдордун нөлдүк термелүүсүндөгү чоң амплитуда м-н мүнөздөлүүчү кристаллдар . Кристаллдашууда эркин энергия жылуулук түрүндө бөлүнүп чыгат. Кристаллдардын өсүшү темп-рага ж-а атомдордун байланыш энергиясына көз каранды. Кристалл торчосунун мезгили жөнөкөй кошулмада 10–20А, татаал орг. ж-а орг. эмес кошулмада 100А. Кристалл торчосунун өлчөмүн, атомдордун жайгашышы, түзүлүшү, симметриясы рентгенография, электронография ж-а нейтронография ыкмасы м-н аныкталат. Ал атомдорунун ортосундагы эң кыска аралык м-н салыштырылгандыктан, кванттык теориянын чегинде гана түшүндүрүлүүчү өзгөчө физ. касиеттерге ээ. Жердеги белгилүү заттардан 3х104 Падан жогорку басымдагы гелийдин изотоптору 3Не ж-а 4Не гана К. к-н түзөт. Нейтрондук жылдыздардын түпкүрүндө нейтрондордон турган К. к. кванттык суюктук м-н кадимки кристаллдардын арасындагы аралыктык абалды ээлейт.