КВАНТИТАТИВДИК ЛИНГВИСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНТИТАТИВДИК ЛИНГВИСТИКА (лат. guantitas – сан) – тил илиминин тилдик бир­диктердин сандык көрсөткүчтөрүн иликтеген тармагы. Тилди изилдөө үчүн К. л-нын саноо ж-а өлчөө методдору колдонулат. Этимология­лык сөздүктөрдүн тутумун, санын сөз жасоо про­цессин, полимиялык типтердин санын аныктоо­до (лексикол. аспект), байыркы тилдик белги­лердин, граммат. категориялардын колдонулуш жыштыгын билүүдө (салыштырма-тарыхый ас­пект), текстти атрибуциялоодо, б. а., аноним же псевдоним тексттердин авторун аныктоодо (текс­тол. аспект), о. эле текстте колдонулган тил­дик бирдиктердин сандык табиятын мүнөздөө­дө, алардын колдонулуш жыштыгын, түрдүү жанрдагы, стилдеги тексттерде тил бирдикте­ринин таралуу, пайдалануу өзгөчөлүгүн тактоодо К. л-нын тыянактары чоң мааниге ээ.