КВАНТИТАТИВДИК ЛИНГВИСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНТИТАТИВДИК ЛИНГВИСТИКА (лат. guantitas – сан) – тил илиминин тилдик бир­диктердин сандык көрсөткүчтөрүн иликтеген тармагы. Тилди изилдөө үчүн квантитативдик лингвистиканын саноо ж-а өлчөө методдору колдонулат. Этимология­лык сөздүктөрдүн тутумун, санын сөз жасоо про­цессин, полимиялык типтердин санын аныктоо­до (лексикологиялык аспект), байыркы тилдик белги­лердин, грамматикалык категориялардын колдонулуш жыштыгын билүүдө (салыштырма-тарыхый ас­пект), текстти атрибуциялоодо, башкача айтканда, аноним же псевдоним тексттердин авторун аныктоодо (текс­тологиялык аспект), ошондой эле текстте колдонулган тил­дик бирдиктердин сандык табиятын мүнөздөө­дө, алардын колдонулуш жыштыгын, түрдүү жанрдагы, стилдеги тексттерде тил бирдикте­ринин таралуу, пайдалануу өзгөчөлүгүн тактоодо квантитативдик лингвистиканын тыянактары чоң мааниге ээ.