КВАДРУПОЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАДРУПО́ЛЬ (лат. quadrum – төрт бурчтук ж-а гр. pjlos – полюс) – заряддалган бөлүкчөлөр­дүн электр заряды тең салмактуу болгон систе­масы. Ал бири биринен а аралыгында жайгаш­кан, диполдук моменттери карама-каршы, чоң­дугу бирдей эки диполдун системасы катары каралат (а-сүрөт). К-дун негизги мүнөздөөчү чоң-

дугу – анын К-дук моменти (Q). б-сүрөттө көр­сөтүлгөн К. үчүн Q=2elа, мында е – заряддын абс. чоңдугу, l – диполдун өлчөмү. Заряддалган бөлүкчөлөр системаларынын өз ара аракет­тешүүсү системада К-дук моменттин бар экенди­ги м-н түшүндүрүлөт. Эгерде системанын заря­ды же диполдук моменти нөлгө барабар эмес болсо, анда К. өз ара аракеттешүүнү эсепке ал­баса болот. Себеби анын чоңдугу электр-стати­калык ж-а диполдук өз ара аракеттешүүдөн бир канча эсе кичине. Бул аракеттешүү атомдордун алыс аралыкта аракеттешүүсүндө чоң мааниге ээ. Анын энергиясы аралыктын өсүшү м-н 1/R5 катышында кичирейсе, ошол эле мезгилде ди­полдук өз ара аракеттешүү энергиясы 1/R6 ка­тышында азаят. Ошондуктан К-дук өз ара ара­кеттешүү чоң аралыкта орчундуу мааниге ээ, о. эле ядролук физикада ролу чоң.