КВАДРУПОЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАДРУПО́ЛЬ (лат. quadrum – төрт бурчтук ж-а гр. pjlos – полюс) – заряддалган бөлүкчөлөр­дүн электр заряды тең салмактуу болгон систе­масы. Ал бири биринен а аралыгында жайгаш­кан, диполдук моменттери карама-каршы, чоң­дугу бирдей эки диполдун системасы катары каралат (а-сүрөт). Квадруполдун негизги мүнөздөөчү чоң-

дугу – анын квадруполдук моменти (Q). б-сүрөттө көр­сөтүлгөн квадрупол үчүн Q=2elа, мында е – заряддын абсолюттук чоңдугу, l – диполдун өлчөмү. Заряддалган бөлүкчөлөр системаларынын өз ара аракет­тешүүсү системада квадруполдук моменттин бар экенди­ги м-н түшүндүрүлөт. Эгерде системанын заря­ды же диполдук моменти нөлгө барабар эмес болсо, анда квадруполь өз ара аракеттешүүнү эсепке ал­баса болот. Себеби анын чоңдугу электр-стати­калык ж-а диполдук өз ара аракеттешүүдөн бир канча эсе кичине. Бул аракеттешүү атомдордун алыс аралыкта аракеттешүүсүндө чоң мааниге ээ. Анын энергиясы аралыктын өсүшү м-н 1/R5 катышында кичирейсе, ошол эле мезгилде ди­полдук өз ара аракеттешүү энергиясы 1/R6 ка­тышында азаят. Ошондуктан квадруполдук өз ара ара­кеттешүү чоң аралыкта орчундуу мааниге ээ, ошондой эле ядролук физикада ролу чоң.