КВАДРАТТЫК БАРАБАРСЫЗДЫК
КВАДРАТТЫК БАРАБАРСЫЗДЫК – ax2+bx+ +c>0, ax2+bx+c<0 (а>0) түрүндөгү барабарсыздык. Белгисизине карата эки жагы тең көп мүчө болуп, жок дегенде анын бир жагы экинчи даражадагы белгисизди камтыса, анда ал бир белгисиздүү К. б. деп аталат. Андай барабарсыздыктарды каалаган учурда анын: ax2+ bx+c>0, ax2+bx+c<0, ax2+bx+c–0, ax2+bx+c::0 болгон канондук түрүнүн бирине келтирип алууга болот, мында а:;0. Чыгарууга ыңгайлуу болуш үчүн аларды дагы: х2+рх+q>0, х2+рх+q<0, х2+рх+q–0, х2+рх+q::0, түрүндө жазат, мында p=b/a ж-а q=c/a. х2+рх+q>0 же х2+рх+q<0. К. б-ты чыгаруу үчүн х2+рх+q үч мүчөсүн чыныгы коэфф-түү көп мүчөгө, б. а., анын тамырларын (х , х ) таап, х2+рх+q=(x–x ) (x–x ) деп n ажыратып алып, интервалдар методу м-н чыгарылат.